Апрель 2014-жыл
Менин атым Бернард (Дмитрий) Киффер.
Мен Франциянын жаранымын, жана
азыркы учурда мен 2005-жылдын февралында
Анкориджада, Аляска, АКШ баштаган адамдын булчуң күчүнүн эсебинен жүргөн жерди
айлануучу экспедициянын жарымын басып өттүм. Мен учурда 15000 чакырымды басып
өттүм: анын ичинен 6 кышта узактыгы 5000
чакырым аралыкты жөө бастым жана 3 жайда велосипед менен 10 000
чакырым өттүм.
Жолго чыккан учурдан баштап мен
Алясканы кесип өттүм жана андан соң суу менен сүздүм, жөө бастым жана
2006-жылдын апрелинде Россиянын жээктеринде Беринг кысыгын лыжа менен басып
өттүм. Андан кийин мен жолумду улантып жана лыжа менен түштүк-батыш багытында
жүрүп Россиянын Магадан облусундагы Омсукчанга жеттим.
Ушул учурдан баштап мага менин
жубайым – россиялык Гульнара Киффер кошулду, жана биз бирге велосипед менен
Монголияны , ошондой эле Кытайды, Казакстанды басып өтүп, 2013-жылдын декабырь
айында Бишкекке жеттик.
Кыргызстанда кыш айларын
(2014-жылдын январь-март айлары) өткөрүп, 20-апрелде түштүк багытта веложүрүш
баштоону пландадык жана 2014-жылдын 19-майында Бор-Дөбө – Кызыл-Арт ашуусунда
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын кесип өтүүнү пландап жатабыз.
Биз велосипед менен Кыргызстандын
Бишкек, Сокулук, Беловодск, Кара-Балта, Өтмөк, Токтогул, Торкент, Кетмен-Тобе, Каракол,
Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Массы, Базар – Коргон, Жалал-Абад, Өзгөн, Ош, Гүлчө,
Сары-Таш шаарларын басып өтүп, соңунда Бор-Дөбө – Кызыл-Арт ашуусунда
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын кесип өтүүнү пландап жатабыз.
Маршруттун картасы:
No comments:
Post a Comment